Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Алдамчы фирманын өкүлдөрү колго түштү


БИШКЕК. Кыргызстандын миңдеген жарандарын шуру тиздирүү ишине тартып, аларды алдап кеткен «Уорлд Энтерпрайз» аттуу фирманын эки кызматкери - Низами Абдуллаев менен Мирахмед Гасанов колго түштү. Мындай маалымат бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдон алынды. Анын маалыматына караганда, алдамчы фирманын эки кызматкерин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери колго түшүрүштү. Кармалгандар Азербайжандын жарандары. Алар бир айдын ичинде Бишкекте бир нече кеңсе ачышып, кыргыз жарандарынын 3 миллионго жакын сомун алдап алышкан. Алдап кеткендерди кармоо арызы менен ички иштер башкармалыгына кайрылгандардын саны эле миңден ашат.

XS
SM
MD
LG