Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Кыргызстан Акыйкатчысынын Талас облустук бөлүмү иштей баштады


ТАЛАС. Кыргызстан Акыйкатчысынын Талас облусундагы өкүлү болуп Эсенжан Арыкбаев дайындалганы өткөн жуманын аягында белгилүү болду. Ал облустук бийлик өкүлдөрү менен таанышып, алар менен бирге жаштар форумунун ишине катышты. Дүйшөмбүдөн баштап кадр жана кеңсе үчүн имарат тандоо иштери башталды. Акыйкатчыга арыз-муң менен кайрылуучулар Таласта да арбын. Бирок, азырынча анын адамдарды кабыл алышына шарт түзүлө элек. Акыйкатчынын Таластагы өкүлү Эсенжан Арыкбаев 41 жашта, кесиби боюнча тарыхчы. Буга чейин мектептерде педогогикалык иш менен алектенип келген.

XS
SM
MD
LG