БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Болгариянын, Ирландиянын, Швециянын, Норвегиянын жана Франциянын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы элчилери келишет. Алардын иш сапарынын максаты - региондогу кырдаал менен таанышуу. Кыргызстанда элчилер президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушат. Алар ошондой эле Ош жана Жалалабад облустарында болуп, губернаторлордун кабыл алуусунда болушат. Меймандардын 3-майга чейин созулуучу иш сапарынын учурунда ЕККУнун алкагында кызматташуу, өз ара мамиленин ал-абалы боюнча пикир алмашуу болуп өтөт. Бул тууралуу маалымат ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынды.