Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:14

Аксы окуясында жабырлангандардын апелляциялык арыздары качан каралаары белгилүү болду


ЖАЛАЛАБАД. Облустук прокуратурадан бүгүн алынган маалымат боюнча, былтыркы Аксы окуясында жабыр тарткандар менен ал боюнча айыпталган соттолуучулардын апелляциялык арыздарын териштирүү 14-майда Майлысуу шаардык сотунун имаратында башталат. Ишти республикалык аскер соту карайт. Өткөн жылдын 28-декабрында Ош гарнизондук аскер соту «пикетке тынч бараткан элдин жолун тоскон, кызмат абалынан ашыра пайдаланган» деп айыптап, облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустун мурдагы ички иштер башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Токобаевди 3 жылга, анын орун басары Абдимитал Калбаевди 2 жылга, Аксы районунун прокурору, маркум Абдыкалык Калдаровду 4 жылга эркинен ажыраткан. Алар Ош аскер сотунун өкүмүн жокко чыгаруу арызы менен январь айында республикалык аскер сотуна кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG