Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Бишкекте аманатчылар пикетке чыгышты


БИШКЕК. 2001-жылы банкротко учуратылып жабылган «Инсан» банкынын 30дан ашуун аманатчылары Өкмөт Үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар банкка салынган өз аманаттарын кайтарып берүүнү талап кылышып, Өкмөт Үйүнө баруучу жолду тосконго аракет кылышты. Бирок милиция кызматкерлери аларды күч менен таратышты.
«Инсан» банкынын 1 миңден ашуун аманатчысы болгон. Алар банкка жалпы жонунан 32 млн. сомдон ашуун каражат салышкан. Бул акчанын 60% аманатчыларга кайтарылганы менен, дагы жүздөгөн адамдар акчасын кайтарып ала элек. Кайтарылбаган акчанын суммасы - 12 млн. 700 миң сом.

XS
SM
MD
LG