Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Орусия Иракка каршы санкцияларды күчүнөн кетирүүгө каршы


Маскөөдө президент Владимир Путин Ирактын массалык кыргын куралы жок экендиги далилденгенден кийин гана бул өлкөгө каршы киргизилген санкцияларды күчүнөн кетирүүгө болот деди. Путин ошондой эле согуштан кийинки Иракта Бириккен улуттар уюму башкы роль ойношу керек деди.
"Иракта согуштан кийин БУУнун борбордук ролун калыбына келтирип гана тим болбостон, аны күч алдырыш керек" , - деп айтты Путин.
Кофи Аннан да Ирак өкмөтүн түзүүгө БУУну катыштырууга чакырды. Бириккен Улуттар уюумунун баш катчысы буларды билдирди:

- Иракта өкмөт түзүү идеясы - убакытты талап кылуучу иш. Бул иш жаңы гана жолго коюлуп жатат, бара-бара Бириккен Улуттар уюмуна тийиштүү роль ойноого мүмкүндүк берүүчү түшүнүүчүлүк пайда болот деп үмүттөнөм.

Аннан Багдаддагы Ирак лидерлеринин АКШ жана Британия колдогон жыйынына байкоочу жиберген жок. Анын айтымында, байкоочулар Коопсуздук Кеңеши БУУнун ролун аныктагандан кийин жиберилет.

XS
SM
MD
LG