БИШКЕК. Кытайдан чыккан өнөгөсүз өпкө оорусунун Кыргызстанда таралышына каршы чаралар күчөтүлөт. Мындай чечим эпидемияга жана эпизоотикалык ооруларга каршы күрөш боюнча өзгөчө комиссиянын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун төрагалыгы астында өткөн бул жыйында, чет өлкөлөр менен болгон каттамдарга тийиштиги бар бардык министрликтерге, мекеме-уюмдарга оорунун алдын-алуу чараларын, анын ичинде эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдети коюлду. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун айтымында, Кыргызстандын аймагында азырынча мындай илдет менен ооруган адам жок. Бирок, ага элдин көнүлүн буруу жана коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы күн тартибинде турат.