Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Президент А. Акаев Пакистанга расмий иш сапары менен бармак болду


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев 23-24-майда Пакистанда расмий иш сапары менен болот. Бул тууралуу бүгүн президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн кызматкери Сейит Убукеев билдирди. Анын айтымында, иш сапарынын учурунда А.Акаев Пакистандын президенти Первез Мушарафф жана бул өлкөнүн өкмөт башчысы менен жолугушат. Пакистанда экономикалык жана консулдук багыттарда кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылы түзүлгөн. Аскар Акаев Пакистанга ушуну менен үчүнчү жолу расмий иш сапары менен барганы жатат.

XS
SM
MD
LG