ЖАЛАЛАБАД. Облустук чукул кырдаалдар штабынан бүгүн алынган маалымат боюнча, министрликтин адистеринин аныктамасы менен, Майлысуу шаарында жер көчкү жүрүүсү күтүлгөн жаңы 20 жер аныкталды. Токтогул жана Аксы райондорунда 9 үйдү жер көчкү, Карамарт суусунун боюнда 6 үйдү сел басуу коркунучу пайда болду. Жолду сел каптап, Сузактын дагы 3 айылы менен машине каттамы үзүлдү. Көгарт дарыясынын Жалалабад менен Сузак аймагындагы жээгин бекемдөө ишине 261 адам, 58 техника тартылды, 630 куб. метрлик шагыл жана таш төгүлдү. Каражаттын тартыштыгынан Майлысуу-Сарыбээ жолуна, Чангенсай капчыгайына мурда түшкөн жер көчкү алынган жок.