БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Пинара» мейманканасында «Оппозиция: бийлик үчүн күрөшпү же демократиялык баалуулуктарды коргообу»? деген темада «тегерек стол» болду. Ага Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Эмил Алиев, Ишенбай Абдразаков, Ишенбай Кадырбеков, президенттин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун башчысы Виталий Богатырев, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында өлкөдөгү оппозициялык саясий күчтөрдүн ролу талкууланды. Талкуунун катышуучулары оппозициялык күчтөр бийлик менен конструктивдүү кызматташуусу керектигин айтышты. Президенттин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун башчысы Виталий Богатырев саясий партиялардын программаларынын жоктугун белгиледи. Өмүрбек Текебаев андай пикирге кошулбастыгын, кеп партиялардын программаларына көңүл бурууда экендигин билдирди.