Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргызстанга Европа мамлекеттеринин ЕККУдагы элчилери келишти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга бир катар Европа мамлекеттеринин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы элчилери келишти. Алар ушул эле күнү президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков менен кезигишти. Бул жолугушууларда ЕККУнун алкагында кызматташуу маселелери талкууланды. Эртең Франциянын, Болгариянын, Ирландиянын, Швециянын жана Норвегиянын ЕККУдагы элчилери Ош жана Жалалабад облустарына барышмакчы. Элчилердин Кыргызстанга болгон иш сапары 3-майга чейин созулуп, андан кийин алар Казакстанга жөнөп кетишет.

XS
SM
MD
LG