Өлкө бийликтери бүгүн өнгөсүз өпкө же "SARS" оорусунан дагы 11 адам көз жумуп, вирусту жуктуруп алган 166 киши катталганын билдиришти. Кытайда, ошентип ,өпкөнүн жаңы илдетинен каза тапкандардын саны 159га жетти. Ал эми дартка чалдыккандар 3,5 миңге жакындап калды. Пекин шарынын жаңы мэри Вань Цишаньдын кабарчыларга билдиргенине караганда, башкалаада жагдай татаал бойдон калууда,өкмөт дарттын жайылышын алдын алуу аракеттерин көрүп жатат,бирок азырынча шаарды жабуу жөнүндө эч кандай план жок:
- Шаарды жабууга же түн ичинде дезинфекциялоого байланышкан каңшаар кептерди мен Интернеттен гана окудум. Пекинде чечим чыгаруучулардын бири катары сиздерге айтым койгум келет: биз жогорудагыдай чечим кабыл алган жокпуз.
"SARS" илдети Кытайдын түштүгүндө алгач былтыр ноябрь айында катталган.