Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Грекия Европа Биримдигинин коргонуу саясаты чыңдалышын жактайт


Өлкөнүн тышкы иштер министри Георгио Папандреунун билдиргенине караганда, Афина төрт мамлекеттин бул жааттагы жаңы демилгесин оң баалайт, бирок сунуш кылынган иш чараларга июль айында, Европа Биримдигиндеги төрагалыгын өткөрүп бергенден кийин гана аралашат.Кечээ АКШ баштаган коалициянын Ирактагы согушуна каршы болгон төрт өлкө: Франция, Германия, Бельгия, Люксембургдун лидерлери аскерий операциялар үчүн Европанын НАТОго көз каранды эмес командалык борборун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Аталган самиттке чакырылбаган Британиянын премьер-министри Тони Блэр төрт өлкөнүн чечимин алар Европанын азыркы командалык структураларына канааттанбаганына байланыштырды.

XS
SM
MD
LG