БИР СТОЛГО ОТУРУП СҮЙЛӨШӨ АЛБАГАНЫ - БИЙЛИКТИН ДА, ОППОЗИЦИЯНЫН ДА ЧАБАЛДЫГЫ
Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда оппозиция менен бийликтин мамилеси кандай? Эки тараптын тең чабалдыгы эмнеде? Эмне себептен бийлик дагы оппозиция дагы сүйлөшүүлөргө барып, өлкө кызыкчылыгы үчүн чогуу-чаран иш алып барбайт? Канткенде оппозициянын кадыр-баркын арттырууга болот. Мына ушул жана башка маселелер кезектеги маектин башкы суроосу болуп, ага «Келечек муун фондунун» жетекчиси, белгилүү саясатчы Ишенбай Абдуразаков, Коопсуздук Кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов,«Атамекен» партиясынын жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев жооп берет. Эскерте кетчү жагдай - бүгүнкү талкууну студияда эмес, “Пинара” мейманканасында өткөн тегерек столдогу талкуунун учурунда өз-өзүнчө жазып алып, андан соң кураштырдык.