Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кытайдын миллиондогон тургундары өнөгөсүз өпкө ооруусунан улам үйүндө отурууга мажбур


Кытай бийликтери өнөгөсүз өпкө же "SARS" илдетинин мындан аркы жайылуусун алдын алуу максатында май айынын алгач аптасындагы беш күндүк дем алыштын учурунда адамдардын эки жакка массалык түрдө каттоосуна тыю салган. Маалыматтарга караганда, Пекиндин чет жакаларында сырттан келгендерди киргизбөө үчүн өз алдынча баррикада куруп алган айыл-кыштактар да бар. Пекин шаарынын бийликтери "SARS" илдетине чалдыкаандар үчүн 1000 орундуу атайын оорукана ачууга даярдык көрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин "SARS" дартынын айынан дүйнөдө 378 адам каза тапты, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5600 дөн ашты. Дартка чалдыккандар менен каза болгондордун саны боюнча алдыда Кытай жана Гонконг турат.

XS
SM
MD
LG