Муну АКШнын өкмөтү дүйнөлүк коомчулуктун эл аралык терроризмге каршы жүргүзгөн күрөшүнүн натыйжасы катары баалайт. Шаршемби күнү жарыя кылынган докладдагы маалыматтарга ылайык, былтыр дүйнөдө террордук иштердин саны 2001-жылдагыга караганда 44 процентке азайды, баары болуп 199 террордук акция жасалды, андан 725 адам набыт болду. 2001-жылы террорчулардын колунан дүйнөдө 3 миң 295 адам өлүм тапкан эле. Докладда Куба, Иран, Ирак, Ливия, Түндүк Корея, Сирия жана Судан баштагыдай эле эл аралык террорчуларды колдоп жатканы айтылат.