Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Бүгүн Багдадда негизги партиялар жыйынга чогулат


Анда Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү маселеси талкууланат. Талкууга Ирактын улуттук конгрессинин, күрт демократиялык жана күрт патриоттук биримдик партияларынын лидери катышат. Кечээ Багдадга келген Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд коалициялык күчтөргө ирак элин боштондукка чыгаруудагы өрнөктүү иши үчүн ыраазылык билдирди. Дүйнөдөгү көптөгөн армиялардан айрымаланып,коалициянын контингенти бул жерге баскынчылык кылганы келген жок, ирак калкына азаттык алып бергени келди, муну ирактыктар билет, деп айтты Рамсфелд. Контингент Багдадга киргенде шаардыктар аларды курсант болуп тосуп алды, Саддамдын эстелигин кулатып, уруят күнүн белгилешти. Коалициянын күчтөрү, Рамсфелддин айтымында, Иракта демократиялык өкмөт түзүлгөнчө калат.

XS
SM
MD
LG