Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Баткенде «Дил азык» эркин гезитинин алгачкы саны жарыкка чыкты


БАТКЕН. Аталган гезиттин уюштуруучусу жана башкы редактору Ташмухамад Орозовдун бүгүнкү маалыматына караганда, басылманын алгачкы саны апрель айынын соңунда 1000 нуска менен жарыкка чыкты. Гезит негизинен илим, билим жана маданият тармагына басым жасап, бул багыттагы көйгөйлүү маселелерди козгоо менен бирге, усулдук колдонмолорго жана мугалимдерге керектүү материалдарга орун берип турмакчы. Ошондой эле ал облустун коомдук-саясий турмушундагы маанилүү окуяларды да чагылдырат. Гезиттин алгачкы санында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган макалалар жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор бар. Гезит айына эки жолу 1000 нуска менен чыгат.

XS
SM
MD
LG