Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Кыргызстандык ишкер «Дело №» кыргыздын намысына тийип атат деген ойдо


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ишкер Кубанычбек Тезекбаевдин «Дело №» гезитине койгон дооматынын негизсиз экендигин тастыктаган чечим чыгарды. Доогер райондук сотко ушул гезиттеги «Жазуу эрежесин кыргыздар менен соттор аныктайт» аттуу макалага байланыштуу кайрылып, жарандык арнамысына шек келтиргендиги үчүн «Дело №» гезитинен 1 млн. сом, макаланын автору Светлана Красильниковадан 100 миң сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. Сөз болуп жаткан макаланын жазылышына К. Тезекбаевдин ««Дело №» «кыргыз» деген сөздү «киргиз» деп пайдаланып, улуттун арнамысына шек келтирди» деп сотко доо арыз менен мурда кайрылганы себеп болгон. Кубанычбек Тезекбаевдин бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ал райондук соттун акыркы чечимине макул эместигин билдирген арызын келерки аптада Бишкек шаардык сотуна жолдойт. Ал эми мурдагы арызына карата шаардык соттун чечими боюнча ал Жогорку Сотко 11-апрелде кайрылган. Доогердин кабарлаганына караганда, ««Дело №» гезити «кыргыз» деген сөздү «киргиз» деп мыйзамсыз пайдаланып жатат» деген доо менен сотко эми «Кыргызстандын жарандарынын арнамысын коргоо» коомдук бирикмеси кайрылганы жатат.

XS
SM
MD
LG