ЖАЛАЛАБАД. Партиянын Ноокен, Базаркоргон райондорунан чогулган 33 мүчөсү уруксаты жок митингди райондук керек-жарак коомунун короосунда өткөрүштү. Митингде сүйлөгөндөр өлкөдө адам укугу сакталбай жаткандыгын белгилешти. Партиянын облустагы координатору Эргеш Сабиров: «Оппозициядагы саясий партиялардын иштерин элге тетири жеткирүү токтотулсун. Аксы окуясына күнөөлүүлөр адилет жазасын алсын. Эркин гезиттерди саясий куугунтуктоо токтотулсун. Феликс Куловго эркиндик берилсин», - деди. Митинг 7 пункттан турган кайрылуу кабыл алды.