Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

№33-Каракулжа шайлоо округунда шайлоо кайрадан белгиленди


БИШКЕК. 11-майда №33-Каракулжа шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат шайлоонун экинчи турун өткөрүү белгиленди. Бул тууралуу маалымат бүгүн ушул округ боюнча депутаттыкка талапкер Замир Парманкуловдун штабынан келип түштү. Ал маалыматка караганда, экинчи турга чыккан талапкерлер Замир Парманкулов жана Жолборс Осмонов азыр үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Былтыр 20-октябрда Каракулжа шайлоо округу боюнча өткөн шайлоонун биринчи турунда талапкер Үсөн Сыдыков 48% добуш алып, экинчи турга чыккан. Бирок атаандаштырынын арызынын негизинде Ош шаардык сотунун жана Жогорку Соттун чечими менен Үсөн Сыдыков шайлоодон четтетилип, шайлоонун экинчи туру талапкерлер З. Парманкуловдун жана Ж. Осмоновдун катышуусу менен 3-ноябрга белгиленген. Буга нааразы болгон Ү. Сыдыковдун шайлоочулары массалык нааразылык акцияларын өткөрүшүп, ошол кездеги шайлоону үзгүлтүккө учуратышкан. 14-ноябрда болсо алар Бишкекке жөө жүрүшкө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG