Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Жакынкы чыгыштагы соңку окуялар тынчтык планына каскак боло албайт


Бул тууралуу Мадридде Кошмо Штаттардын тышкы иштер министри Колин Пауэлл билдирди. Испаниянын тышкы иштер министри Ана Паласио менен өткөргөн пресс-конференцияда ал Израил жана палестин жетекчилигин тынчтык процессин баштоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого чакырды. Палестиналыктардын террордук акциялары, израил армиясынын рейддери уланып жаткандыгына карабастан “Жол картасы” деп аталган план жүзөгө ашырылууга тийиш. Бейшемби күнү жөөт аскерлеринин Газа тилкесиндеги операциялары маалында ондон ашуун палестин тургуну окко учту. Операция Тель-Авивдеги акыркы террордук акцияга жооп иретинде өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG