Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Түркияда куткаруу иштери улантылууда


Соңку маалыматтарга ылайык, Бингөл провинциясынын борборундагы жатак мектептин кулап түшкөн имараты алдынан куткаруучулар 93 баланы алып чыгышты. Дагы токсондой окуучуну куткарып калуу үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүүдө. Он төрт окуучунун, бир мугалимдин сөөгү табылды. Өлкөнүн премьер-министри Режеп Эрдоган бейшембинин таңындагы зилзаладан жүзгө жуук адам набыт кетип, 450дөн ашуун киши жабыркагандыгын кабарлады. Көптөгөн өлкөлөр Түркияга жардам көрсөткөнгө даярдыгын билдиришти. ООН Түркияга гуманитардык операциялар боюнча адистердин отрядын жөнөттү.

XS
SM
MD
LG