Ирактагы кайсоорун жеңишти Буш эл аралык терроризмге каршы күрөштөгү маанилүү этап деп баалады. Антитеррордук согуш али бүткөн жок, бирок анын бурулуш учуру башталды. Америкалык аскерлер эми Иракты кайра тикелөө иштерине катышат жана калкка жардамдашат. Коалициянын аскерлери Иракта өз озуйпасын толук өтөп бүткөнгө чейин калат,деп айтты Буш. Калкка кайрылганы Буш Сан-Диэго шаарынан жүз алтымыш чакырым аралыкта Тынч океанда турган “Авраам Линкольн” согуш кемесинин бортуна атайын учуп келген эле.