Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Өпкөсү өзгөчө сезгенгендер үчүн Кытайда атайын оорукана курулду


Бүгүн Кытайдын жетекчилиги өпкөнүн өзгөчө оорусуна чалдыккан адамдардын көпчүлүгүн бир ооруканага чогултуп, аларга эч ким жолой албаган шарт түздү. Бир миң адам баткан жаңы оорукана Бээжин шаарында сегиз күндө курулуп бүттү. Кытай жетекчилеринин 2-майда тараткан маалыматы боюнча, өпкөнүн өзгөчө сезгеинишинен өлкөдө дагы 11 адам кайтыш болуп, жаңы ооруган дагы 176 адам катталды. Оору Кытайда өткөн ноябр айында чыккан, андан бери бул оорудан өлкөдө 180-ден ашык адам өлүп, дүйнө боюнча төрт жүзгө жакын киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG