Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бүгүн Грекиянын Родос аралында эки күндүк жыйынга чогулду. НАТО уюмуна кирген төрт европалык мамлекет жакында - НАТОдон тышкары биргелешкен аскерий ордо түзүү тууралуу макулдашкан жана башка мүчө-өлкөлөр менен Америка Кошмо Штаттары аларды азыр сынга алууда. Бөлүнгөндөр - Алмания, Бельгия, Люксембург менен Франция жана башка өлкөлөрдүн пикиринде, алардын чечими НАТО уюмунун биримдигине шек келтирүүдө. Бул маселеден тышкары европалык министрлер согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү проблемаларын да талкуулайт.