АКШ президенти Жорж Буш бүгүн эртең менен Калифорния штатындагы америкалык аскерлер менен жолугуп, Ирактагы негизги аракеттер бүткөнү тууралуу жарыялады: "Ирактагы негизги аскерий аракеттер аяктады. Ал согушта Америка Кошмо Штаттары менен анын шериктери жеңишке жетишти". Президенттин айтымында, эми Иракты калыбына келтирүү жана анын мурдагы жетекчилери өндүргөн химиялык жана биологиялык куралды табуу максаттары турат. Согуш аяктаганы тууралуу кабарды дүйнө жетекчилери кубаттоо менен кабыл алды, бирок кээ бир саясатчылардын айтымында, Иракта тынчтык орнотуу - согушта жеңип чыккандан татаал болушу мүмкүн.