Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Нарын шаарында «Кыргызтелеком» акционердик коому Интернет борборун ачты


НАРЫН. «Кыргызтелеком» акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалынан алынган маалымат боюнча, элдин байланыш боюнча суроо-талабын канаттандыруу максатында Нарын шаарындагы сүйлөшүү жайында жаңы Интернет борбору ачылды. Ал жерде Интернеттин бардык кызматынан пайдаланыш үчүн толук шарттар түзүлүп, борбор үзгүлтүксүз иштей баштады. Буга чейин мындай борборлор Кочкор жана Атбашы райондорунда ачылган. Эми келечекте мындай Интернет кызматын көрсөтүүчү борборлор Акталаа, Жумгал райондорунда ишке кирише баштайт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG