БАТКЕН. Баткен райондук китепканалар тармагынын директору Топчугүл Пирматованын бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, райондогу 31 китепкана кызматкери өткөн жылдын октябрь айынан бери эмгек акысыз иштеп келатышат. Бул маселени чечүү боюнча китепканачылардын райондук жетекчиликке бир канча жолу кайрылганынан ушул күнгө дейре эч кандай майнап чыкпай, алардын өтүнүчү «жергиликтүү бюджетте акча жок» деген шылтоо менен четке кагылууда. Былтыр да ушундай эле абалды баштан кечиришкен китепканачылар акыры облустун жетекчилигине эмгек акы төлөнбөсө иш таштоого барышаарын айтып, кайрылуу жолдошкон. Ошондон соң гана маселе чечилип, алардын бир канча айлап ала албаган эмгек акылары төлөнүп берилген эле.
Баткен районундагы китепкана кызматкерлери былтыркы октябрь айынан бери эмгек акыларын алыша элек