БИШКЕК. Ислам Өнүктүрүү Банкы Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялаш үчүн 10 млн. 600 миң доллар өлчөмүндө кредит бөлмөк болду. Мындай келишим вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев жетектеген кыргыз делегациясы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда Сауд Аравиясында түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Кубанычбек Жумалиевдин кеңешчиси Темирбек Токтогазиев билдирди. Анын айтымында, жолду реконструкциялоо 2004-жылы башталып, бөлүнгөн каражатка анын 54 чакырымы оңдолот. Оңдоо иштери Суусамыр жактан башталат. Кыргыз делегациясы Суусамыр-Талас-Тараз жолуна кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн апрель айынын аягында Сауд Аравиясына барган. Ислам Өнүктүрүү Банкы буга чейин Кыргызстанда жалпы суммасы 54 млн. доллар болгон 13 долбоорду каржылаган.