Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Өлүм жазасын алгандар үчүн жаңы түрмө курулууда


БИШКЕК. Кылмыштуу деп шек саналган жарандарды убактылуу кармоочу № 50 жайдын Чүй облусунун аймагындагы 5-6 жылдан бери токтоп турган курулушу кайрадан уланды. Бул тууралуу бүгүн юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаев билдирди. Анын айтымында, азыр курулуштун 40% жакыны бүтүп калды. Курулушту мындан ары улантуу максатында Финансы министрлиги кошумча каражат бөлүүнү болжоп атат. Аталган жайдын тутумунда 200 орунга эсептелген атайын режимдеги имарат да бар. Бул имарат президент А.Акаевдин «Кыргызстанда өлүм жазасын аткарууга мораторийди узартуу жөнүндөгү» жардыгына байланыштуу, өлүм жазасына кесилген жарандарды кармоого ылайыкташтырылууда.

XS
SM
MD
LG