Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Эл аралык антитеррордук коалициянын аскердик базасы ижарага Чүй боорунан 300 гектар жер алды


БИШКЕК. Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен «Манас» аба майданында жайгашкан, АКШ баш болгон Эл аралык антитеррордук коалициянын «Ганси» аскердик базасынын ортосунда жаңы келишимге кол коюлду. Ага ылайык коалиция тарап Сокулук районундагы Мраморное айлынын аймагынан 300 гектар жерди ижарага алмак болду. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев билдирди. Анын айтымында, ижарага алынган жерге коалициядагылар «Манас» аба майданындагы курулуштарын которушат. Жердин канча мөөнөткө ижарага берилгени азырынча белгисиз. Мындай эки тараптуу келишим түзүлгөнүн «Манаста» жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнөн да ырасташты. Учурда «Манас» аба майданында АКШ, Голландия, Италия, Испания, Дания жана Түштүк Корея мамлекеттеринин 1,5 миңдей аскери бар. Алар Ооганстан аймагында аскердик жана гуманитардык операцияларды аткарууну улантууда.

XS
SM
MD
LG