БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин «Селейменин дабаасы - сот» аттуу макала үчүн «Моя столица» гезитине каршы берген доо арызына ылайык Бишкектин Ленин райондук соту тараптардын алгачкы жолугушуусун 13-майга белгиледи. Премьер-министр «гезит «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин төрага орун басары Михаил Корсунскийдин бул макаласын жарыялоо аркылуу беделиме шек келтирди» деген доомат коюп, моралдык чыгымын компенсациялаш үчүн 17,5 млн. сом өндүрүп берүүнү, анын 2,5 миллионун автордон өндүрүүнү сунуштаган. Бүгүн М. Корсунскийдин «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, ал өз макаласында мыйзамдарды аткаруудагы сабатсыздыкка, демократияга каршы иштерге, алдамчылыкка байланышкан көрүнүштөрдүн бетин ачууга аракет кылган жана бул проблемалар негизинен пенсиялык системага байланыштырылган. Анын айтымында, макалада Н. Танаевдин арнамысына шек келтиргидей кескин пикир айтылган эмес. Автор Пенсиялык фонддун дайынсыз жоголгон эпсиз көп акчасынан мурдагы вице-премьердин кабарсыз экенинен шек санаганын билдирген. М. Корсунский 2002-жылдын 17-июлунунан бери Социалдык фонддун төрагасына коомдук кеңешчи болуп жүрөт.