ОШ. Элчилер тобун Ош облусунун губернатору Накен Касиев кабыл алып, аларга облустун азыркы социалдык-экономикалык акыбалын, жакырчылык менен күрөшүү жараянын, коңшу өлкөлөр менен мамиле-байланыштарын баян курду. Элчилер айрыкча Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы талаш-тартыштуу жагдайларга, бажы, чек ара бекеттеринин иштөө тартибине, облустагы өзбек улутундагы, башка улуттагы жарандардын бийлик органдарына кандай деңгээлде тартылышына кызыгышты. Кабыл алуудагы ачык-айрым аңгеме үчүн эки тарап тең бири-бирине ыраазычылык билдиришти. Элчилер тобу ошондой эле ЕККУнун Оштогу кеңсесинде болушуп, шаардын урунттуу жерлерин, Сулайман тоосун кыдырып көрүүгө да үлгүрүштү.