Бингөлдө урандылар алдында калып, жатак мектептин 35 окуучусу набыт болду, дагы ондогон балдардын дайыны чыга элек. Жума күнү бул жерде жаалданган адамдар полиция менен кагылыша кетишти,аларды кууп таркатканы полиция асманга ок атканга аргасыз болду. Жергиликтүү тургундар жатак-мектептин имараты коопсуздук эрежелерине ылайык курулган эмес, ошондон улам кыйрап калды деп эсептешет.