Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Облус жетекчилери мургабдык улутташтар менен жолугушту


Бишкек. Жолугушууну Ош облустук юстиция башкармалыгы уюштурган. Учурда 153 үй-бүлөнү түзгөн 699 качкын, 52 үй-бүлө же 231 качкын статусу жок көчмөндөр бар. Жолугушууга 200дөй адам катышып, адегенде эмне үчүн биз Кыргызстандын атуулдугун, Кыргызстандын паспортун ала албайбыз деген суроолорго жооп алышты. Четэлдик кыргыздарга Кыргызстандын атуулдугун берүүнүн жеңилдетилген жолу Жогорку Кеңеште карала тургандыгы жарыя салынды. Түп мекеним деп Мургаптан көчүп келгендерди бул жакта өгөйлөгөн, кордогон фактылар айтылды. Бир катар маселелер боюнча аларга Түштүк аймактык миграция кызматы, облустук калкты жумуш менен камсыз кылуу башкармалыгы, облусту социалдык жактан коргоо башкармалыгы, ички иштер башкармалыгы конкреттүү жардамдарды бермей болду. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылында көпчүлүгү Кыргызстан паспортун алып калышы ыктымал мүмкүн.

Кабарлар топтомун Бишкекте даярдагандар: Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу

Редактору – Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG