Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Конституция күнүнө байланышкан салтанаттар

Бишкек. 5-майда Кыргызстан Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына карата Бишкекте салтанаттуу жыйын болот. Ага президент, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана 1993-жылы Конституцияны кабыл алган «легендарлуу парламенттин» мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу ишембиде президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Чолпонкул Арабаев билдирди. 6-майда Кыргыз улуттук университетинде Орусия, Өзбекстан жана Казакстан өкүлдөрүнүн катышуусу менен эларалык конференция өткөрүлүп, анда жумуруяттагы конституциялык реформалар талкууга алынат.
XS
SM
MD
LG