Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

«Шуручулардын» бир башчысы кармалды


Бишкек. «World Enterprise» фирмасы боюнча ачылган кылмыш ишин иликтөөнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы улантууда. Азырынча фирманын башчысы Низами Абдуллаевдин кайда экендиги дайынсыз. Аны табуу максатында ички иштер кызматкерлери чет өлкөлүк кесиптештерине жардам сурап кайрылышты. Ал эми фирманын жетекчилеринин дагы бирөө - Мирахмед Гасановду башкармалыктын экономикалык кылмыштар жана коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери 29-апрелде кармашкан. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов мындай деди: «Бир адам кармалган. Азыр ошонун үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат. Экинчиси азырынча кармала элек».
Шуру менен шугулданган «World Enterprise» фирмасынын көз боёмочулугу 12-апрелде белгилүү болгон. Акыркы болжолдуу маалыматка караганда, фирма элди 3 млн. сомго жакын акчага алдаган. Учурда бул иш башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат.

XS
SM
MD
LG