Бишкек. 2005-жылга чейин жалпы тартиптеги 7, өзгөчө тартиптеги 2 , мурдагы тартип коргоо кызматкерлери үчүн бир түрмө, жашы жете эле өспүрүмдөрдү тарбиялоочу жай жана облусттарда 7 абак үйлөрү салынышы жана жаңыртылышы болжолдонууда. Аларга жалпысынан 4 миллиард сом, ал эми Талас жана Жалалабад облустарында убактылуу кармоочу жайларды курууга, жана түзөтүүчү жайларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө 1,5 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу «Novosti.kg» интернет баракчасы биринчи вице-премьер-министр жана юстиция министри Курманбек Осмоновго шилтеме берип, 2-майда жазды. Анда белгиленгенге караганда, бул иштер Кыргызстандагы жаза өтөө системасын реформалоо боюнча улуттук программанын алкагында ишке ашат.