Бишкек. «Ар кандай шылтоолор менен Атуулдук биримдик коомдук бирикмесин юстиция министрлиги каттоодон өткөрбөй жатат», деп билдирди ишемби күнү жаңыдан түзүлүп жаткан коомдун лидери Жыпар Жекшеев. Анын айтымында, биримдик мүчөлөрү март айынын башында каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү документтерин юстиция министрлигине тапшырышкан. Бирок министрликтин кызматкерлери уюмдун уставындагы «Уюм жарандардын саясий укугун коргойт», «Жарандарды социалдык активдештирүүгө аракеттенет» деген сыяктуу жоболорду алып салууну снуштаган. «Юстиция министрлигинин айрым талаптарын канааттандырганыбызга карабай, жаңы шылтоолор менен уюмду каттоо үзгүлтүккө учуратылууда», дейт Жыпар Жекшеев. Атуулдук биримдик коомдук уюму жумуруяттагы саясий-экономикалык, социалдык, укуктук жараяндарга активдүү таасир этүүнү көздөгөн көз карашы жакын адамдардын демилгеси менен түзүлүүдө.