Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Көз карандысыз адвокат ооруканада


Бишкек. Жарандык лидерлер форуму менен «Коррупцияга каршы жарандык коом» бейөкмөт уюму Хельсинки тобунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн мүчөсү, адвокат Галина Кайсаровага байланыштуу билдирүү таратты. Билдирүүдө белгиленгендей, адвокат Кайсарова ден соолугунун кескин начарлашына байланыштуу ооруканага жаткырылды. Юстиция министрлигинин Кайсарованы адвокаттык укугунан ажыратууга байланыштуу маселе көтөрүшү ушундай жагдайды түзгөн. Маселени чечүүнү министрлик 6-майга белгилеген. Билдирүүдө мындай аракет «белгилүү лидерлердин демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү, адам укугун коргоо жана Кыргызстанда мыйзамдуулукту сактоо багытындагы ишмердүүлүгүн чектөө максатындагы бийликтин кезектеги аракети» катары бааланган жана бул ишти Кыргызстан акыйкатчысы өз көзөмөлүнө алаарына ишенич айтылган.

XS
SM
MD
LG