Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Каракулжада кырдаал курчушу ыктымал


Бишкек. 11-майда №33-Каракулжа шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатын шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү аракети Каракулжа менен Өзгөн райондорундагы кырдаалдын курчушуна алып келиши ыктымал. Үсөн Сыдыковдун шайлоочулары бул саясатчысыз шайлоонун 2-турун өткөрүүнү мыйзамсыз деп атап, мөөнөтсүз нааразылык акцияларына чыгышаарын кабарлашууда, деп билдирди ишембиде «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери Досбол Нур уулу. Анын айтымында, аталган шайлоо округундагы кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Бектур Асанов менен Дүйшөнкул Чотонов бүгүн Каракулжага жөнөп кетишти. Үсөн Сыдыков округдагы шайлоочулары кандай чечим кабыл алса, ага баш ийерин билдирди. Өткөн жылы октябрь айында өткөн шайлоонун биринчи айлампасында Үсөн Сыдыков шайлоочулардын 48%ге жакын добушун алуу менен экинчи таймашка чыккан. Бирок атаандаштарынын арызынын негизинде Ош шаардык жана Жогорку Соттун чечими менен шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. Соттордун мындай чечимине нааразы болгон бир катар шайлоочулар бир катар нааразылык акцияларын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG