Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Human Rights Watch уюму Дулатовго байланыштуу билдирүү таратты


Бишкек. Кыргыз милициясы оппозиция ишмерин камаганы жатат! «Арнамыс» партия штабынын мүчөсү Тынчтыкбек Дулатовго байланышкан мындай билдирүүнү эларалык Human Rights Watch уюму жума күнү таратты. Эларалык уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Елизабет Андерсендин пикиринче, күч бийлигинин бул иши «Арнамыс» партиясынын референдум учурундагы мыйзам бузууларды ачууга жасаган аракетине байланыштуу болушу толук ыктымал. Ушул эле күнү ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, аталган иштин саясат менен эч кандай байланышы жок. Бишкек шаардык ички иштер кызматы 2-февралдагы референдумдун жүрүшүндө адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аларга шектүү деп Тынчтыкбек Дулатов менен «Аалам» гезитинин кабарчысы Төлөгөн Сулаймановду атаган. Алар Бактыбек Чордоев аттуу жарандын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече саат кармап тургандыгы үчүн күнөөлөнүүдө. Кылмыш иштин негизинде «Арнамыстын» мүчөсү 24-мартта убактылуу камалып, үч күндөн кийин эки жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып бошотулган. Т.Дулатов 2-майда шаардык ички иштер кызматынын тергөөчүсүнө чакырылган. Бирок, анын жубайы Галина Дулатованын ишембиде билдиришинче, 30-майдан бери Т.Дулатов үйүнө келе элек.

XS
SM
MD
LG