Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Эркин басма үйүн уюштуруу кеңешинин алгачкы жыйыны


Бишкек. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жума күнү билдиргенине караганда, 1-майда маалымдоо каражаттарын колдоо борборунун уюштуруу кеңеши өзүнүн алгачкы жыйынын өткөрдү. Кеңештин АКШдагы жана Британиядагы өкүлдөрүнүн телефон аркылуу баарлашуусу болуп, ага Бишкектен 13 мүчө катышты. Алардын катарында республиканын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, парламент депутаты Оксана Малеваная, «Дело №» гезитинин башкы редактору Виктор Запольский, Борбор Азиянын Америка университетинин проректору (провост) Камила Шаршекеева жана бир катар эларалык уюмдардын өкүлдөрү бар. Отурумду кеңештин мүчөсү, АКШ сенатору МакКейн телефон аркылуу башкарды. АКШ сенатору Борбордун уюштуруу кеңешине кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн киришин демократияга жасалган кадам катары баалады. Министр А.Айтматов эркин басма үйү маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүнө салым кошооруна өз ишеничин билдирди. Жыйынды АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф куттуктады.

Маалымдоо каражаттарын колдоо борборунун эркин басма үйү өткөн жылдын 30-декабрында юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Долбоорду АКШ жана башка эларалык уюмдардын каржылык көмөгү менен «Фридом Хаус» бейөкмөт уюму ишке ашырууда. Болжолдуу маалыматтарга караганда, эркин басма үйү ушул жайда ишке кириши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG