Бүгүн Тайван өкмөтү тараткан маалыматка караганда, өлкө президенти Чен Шуй-бян Латин Америка мамлекеттерине боло турган сапарын кийинкиге калтырды. Президенттин айтымында, өлкөдө жаңы оорунун эпидемиясы башталган учурда ал чет өлкөгө кете албайт. Өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен Тайванда сегиз адам кайтыш болду жана алардын бешөө 2-май күнү өлдү. Өлкө жетекчилиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттерин чакырган, бирок Тайванды өзүнүн ажырагыс бөлүгү катары эсептеген Кытай эл аралык эксперттердин аралга келишине көпкө каршы чыгып келген жана ага 3-майда гана макулдук берди.