Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча деректири Деннис де Трейдин айтымында, келерки үч жылда Тажикстанга 900 миллион доллар жардам көрсөтүлөт. Бул каражат өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартуу үчүн жумшалат, анын 200 миллион доллары гуманитардык жардам түрүндө, калган акча грант катары берилет. Бул жардам дүйнөдөгү 19 донор мамлекет жана эл аралык уюм тарабынан чогултулат. Анткен менен 2001-жылдын июн айында донорлор Тажикстанга эки жылдын ичинде 390 миллион доллар жардам берүүгө убада кылган, бирок өлкө азырынча анын 40 гана миллионун алды.