Ишемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Дамаск шаарында Сириянын президенти Башар Асад менен жолугуп сүйлөштү. Жолугушуу жабык эшик артында өттү. Америка Кошмо Штаттары Сирияны көптөн бери эл аралык террорчулукту колдогону жана кеңири кыруучу курал өндүрүүгө аракеттенгени үчүн күнөөлөп келген. Бирок Пауэллдин айтымында, Сирия менен болгон мамилелерде алдыга жылыш бар: "Жакынкы Чыгышта жаңы стратегиялык абал түзүлдү. Биз Сирия менен кызматташып, жаңы стратегиялык абалга жараша өзгөрүүлөр болушун каалайбыз, бул маселени ар башка тараптан чечүү үчүн биз бардык мүмкүнчүлүктү караштырабыз жана алдыга жылыш бар",- деди Пауэлл жолугушуудан кийин. Сирия азыр Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү жана 2-май күнү кеңешке - Жакынкы Чыгышты кеңири кыргын салуучу куралдан бош аймак катары жарыялоо боюнча резолюциянын долбоорун тапшырды, бирок АКШ андай идеяны азырынча колдобойт. Сириядан кийин Пауэлл бүгүн кошуна Ливандын борбору Бейрутка барып, кайра Америкага кайтты.