Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:50

КОНСТИТУЦИЯ МАЙРАМЫ, СӨЗ ЭРКИНДИГИ КҮНҮ, ТӨӨКУШ БАККАН КЫРГЫЗ


Кыргыз басылмаларында сөз эркиндиги, президент Акаевдин уулунун үйлөнүшү, Алматыдагы журналисттердин эларалык жыйыны, республиканын Башмыйзамынын 10 жылдык мааракеси сындуу маселелер апта аягында арбын чагылдырылды.

ЮНЕСКО чечими менен 3-май эларалык сөз эркиндиги күнү деп жарыяланган. Жоопкерчилиги жогору, түйшүгү күч кесип ээлеринин айрым маселелери Алматыдагы Евразия медиа-форумунда талкууланган. Эларалык жыйын тууралуу жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде Эрлан Сатыбековдун очерки жарыяланды. Дүйнөнүн биртоп жерлеринен чогулган журналисттер Алматы жыйынында чыр-чатактуу жерлердеги маалымдоо каражаттарынын ролу талкууга алышкан. Эрлан Сатыбековдун маалымдоосуна караганда, катарлык “ал-Жазира” телеканалынын Москва бюросунун жетекчиси Акрам Хузам Бишкекке келүүгө сөз берген. Сөз эркиндиги, анын жоопкерчилиги жайында Рустам Караев ой жүгүрткөн:

“Заказ боюнча жазылчу макалалар ушу тапта өтүмдүү товар болуп калды. Көңүлгө жакпаган кишиге көө жабуу керекпи? Колдон келчү иш, болгону акчасын төлөш зарыл! Күмөндүү сенсация жыттанган материалдардын арбып баратышы анын кесепети. Анан келип, гезиттегилер эмнеликтен басылманын баркы көтөрүлбөй, элдин баары жабыла жалган сенсацияны баса калышпаганына таңданып отуруп калышат. Азыркы окурман (көрүүчү да) алдына коюлган маалыматтан кандай жыт келип атканын, өз пикирин таңуулагысы келген авторсуз эле сезип турат”.

Анткен менен журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартып, аларга олчойгон айыппулдардын салынып атышы кооптонтот,- дейт автор. Басылмада президент А.Акаевдин уулу “НБТ” телеканалынын алып баруучусу Сайкал Чокубаевага үйлөнгөнү тууралуу материалга да орун берилген.

Үйлөнгөн жаштарга жума күнкү “Бишкек таймс” гезити да куттук айтты. Айдар Акаев АКШнын Мэриленд университетин бүтүргөн, учурда каржы министринин кеңешчиси. Президенттин келини Сайкал Чокубаева “НБТ” телеканалынын “Салам Би” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу, Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү, англис, француз тилдеринде сүйлөй алат, деп маалымдайт гезит. Басылмадагы маегинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев Үзөңгүкууш маселесине токтолуп, мындай маалыматын ортого салат:

“Аткаруу бийлигиндеги адамдар өздөрү оппозицияга болгон маалыматты ташып турушкан. Менин далилим жок болгондуктан алардын аты-жөнүн айтпай эле коеюн. Ал адамдар Үзөңгүкууш боюнча болгон маалыматты өтө тездик менен оппозициянын алдына жайып беришкен”.

Кыргызстандын жаңы Конституциясынын кабыл алынышынын он жылдыгына карата жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити «тегерек үстөл” жыйынын өткөргөн. Жыйын катышуучусу депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, жакынкы 50 жыл аралыгында Конституцияга дагы өзгөрүүлөр кирет. Бирок аны мезгил, шартка шылтоолоп кол кап алмаштыргандай улам-улам өзгөртө берүү туура эмес. Кыйынчылык боло калса эле Конституция менен мыйзамдарды өзгөртпөш керек, дейт депутат. Ушул эле басылмада академик Абдулхай Алдашев Улууатамекендик урушту эскерген.

Урушта “адам жанынын арзан болгондугу” капалантат- Адамда өмүрдөн артык эмне кымбат? Стройдун алдына чыгарып алып атып салган, пленге түшүп кетет деп 58-статья менен Норильскиге лагерге айдап жиберген катаалдыктар не деген акылга сыят? Курчоодо калып, айласыз-аргасыз шарттарда пленге түшкөндөр кийин ушундай эч нерсе менен акталбас оор жазага кириптер болушту...”

1993-жылкы Конституция менен ушул жылдын башында референдумда жактырылган анын жаңы редакциясынын ортосундагы айырма кыйла экенине жума күнкү «В конце недели» апталыгы токтолгон. Гезит уюштурган “тегерек үстөл” жыйынынын катышуучуларынын пикиринде, 1993-жылкы Конституцияда социализм тушундагыдай эле кеңештердин бийлиги үстөмдүк кылчу. Бийлик бөлүштүрүү кийинки оңдоо-түзөтүүлөрдө кыйла такталды, Башмыйзамдын соңку редакциясында республиканын демократиялык жааттагы жетишкендиги толук чагылдырылды. Кыргызстандын жаңы Конституциясы кантип кабылданып, эмнеликтен ал улам-улам өзгөрүүгө туш болгонуна Муратбек Укушов токтолгон. Анын айтымында, оңдолгон Конституция Кыргызстан тарыхындагы эң демократиялуу башмыйзам.

Төө баккан кыргыз эми төөкуш бага баштаганын жума күнкү «Агым» гезити жазып чыкты. Журналист Асран Айдaралиев Панфилов районундагы Үркүнбек Жуматаев сегиз төөкуш багып, жумурткасын чогултуп, санын көбөйтүү аракетинде иштеп атканын баяндаган. Жер көчкүдөн жабыр тарткан Өзгөндүн Жалпакташ айылындагы адамдарды башка жерге көчүрүү иштери кандай жүрүп жатканын журналист Замира Кожобаева Өзгөндөн жиберген кабарында маалымдаган.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG