Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:30

Ошто Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунун II бизнес-форуму башталат


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Ош шаарында Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн II бизнес-форуму өз ишин баштайт. Жыйында уюмга кирген өлкөлөрдүн алкагында энергетика жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча региондогу кызматташтыкты жакшыртуу, майда жана орто бизнести өнүктүрүү, транспорт коммуникацияларын жана маалымат технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле агрардык рынок түзүү, бажы, соода жана чет элдик инвестицияларды тартуу багытында кызматташуу сыяктуу маселелер талкууланат. Форумдун ишине Эл аралык Валюта Фондунун, Дүйнөлүк, Азия Өнүктүрүү банктарынын жана башка эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчылары катышат. Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмуна Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG