Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Ташкенде Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын башкаруу кеңешинин жыл сайын өтүүчү кезектеги жыйыны өз ишин баштады. Кыргызстандан бул жыйынга президент Аскар Акаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков, ошондой эле Кыргызстандын ишкер чөйрөсүнүн жоон топ өкүлдөрү катышууда. Бул күнү жыйында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга инвестицияларды тартуу боюнча сөз сүйлөдү. Ал тууралуу Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын жыйынына Кыргызстандан барып катышып жаткан «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов маалымдады. Анын айтымында, Ж. Оторбаев Кыргызстанга инвестицияларды тартуу боюнча түзүлгөн шарттар жана өлкөдөгү саясий абал боюнча маалымат берди. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргендигин, жерге жеке менчик киргизилгендигин айтып, өлкөдө саясий туруктуулуктун сакталып келгендиги сыяктуу факторлорго токтолду. Мындай маалымат жыйындын катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Бирок жыйында «Борбордук Азия өлкөлөрү чет элдик инвестицияларды тартууда жаңы багыттарды иштеп чыгышы керек» деген пикирлер айтылды. Жыйындын иши эртең аяктайт.

XS
SM
MD
LG